Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери “Арабеск” XIX Ачык орусиялык сынагында өлкөнүн маданий аброюн дагы бир ирет бекемдешти. Бул тууралуу 27-апрелде Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак Пермь шаарында 15-25-апрель күндөрү өтүп, Пермь балетинин 100 жылдыгына арналды. Бул жылы ага дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 354 катышуучу арыз берип, Орусиянын 26 шаарынан жана бир катар чет мамлекеттерден келген артисттер катышты.
Жыйынтыгында Адилжан Рахманов II даражадагы лауреат наамына ээ болду. Ал эми Даяна Кыдыралиева престиждүү сынактын дипломун жеңип алды.
“Арабеск” сынагы 1988-жылдан бери дүйнөдөгү эң абройлуу балет сынактарынын бири болуп саналат.