Кийинки окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу 27-апрелде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай өзгөртүү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу.
Буга карабастан окуу жылы адаттагыдай 25-майда аяктайт.