«Элдик Банк» ААК эл аралык капитал рынокторунда 500 миллион АКШ доллары суммасында евробонддорду алгач ирет ийгиликтүү жайгаштырды. Бул тарыхый окуя болуп калды: Кыргызстанда биринчи жолу ата мекендик каржы институту дүйнөлүк капитал рыногунда ири көлөмдөгү каржылоону тартууга жетишип, улуттук экономиканын өнүгүүсүндө жаңы баракты ачты.
Аталган бүтүмдүн соңку параметрлери рыноктук букбилдингдин жыйынтыгы боюнча аныкталды. Облигациялар Reg S/Rule 144A форматында London Stock Exchange (International Securities Market) каттоо (листинг) менен жайгаштырылды.
Бул чыгарылыштын кредиттик рейтингдери Кыргыз Республикасынын суверендүү деңгээлине туура келет: S&P Global Ratings - B+ (Туруктуу), Fitch Ratings - B (Туруктуу). Мында Citigroup жана Oppenheimer Europe Ltd. биргелешкен алдынкы уюштуруучулар жана букраннерлер катары чыгышты.
Өтүнмөлөр китебинин көлөмү 1 млрд АКШ долларынан жогору болуп, жайгаштырууга, негизинен, Улуу Британиядан, АКШдан жана континенталдык Европадан 80ден ашуун эл аралык институционалдык инвесторлор катышты, мында активдерди тескөөчүлөр, хедж-фонддор, банктар жана жеке менчик банктар дагы бар.
Бүтүм глобалдык капитал рынокторунда жогорку өзгөрүлмөлүүлүк шарттарында ишке ашырылды жана ушул тапта өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эмитенттеринин аз сандагы бүтүмдөрүнүн бири болуп калды, бул инвесторлордун жогорку ишенимде экендигин жана Элдик Банктын ийгиликтүү рыноктук позициясын баса белгилейт.
«Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев буларды белгилеп кетти: «Бул бүтүм - Элдик Банктын мындай рынокто алгачкы иши (дебюту) гана эмес, Кыргыз Республикасынын корпоративдик эмитенттери үчүн эл аралык карыз алышуу рыногун ачуу болуп саналат. Биз бүтүмдөрдүн рыноктук деңгээлде сапаттуу эл аралык өтүнмөлөр китебин түзүү, бүтүмдөрдүн параметрлерин белгилөө менен, чектелген жайгаштыруу терезесинде жана рыноктордогу жогорку өзгөрүлмөлүүлүк шарттарында бүтүмдү ийгиликтүү келише алдык. Элдик Банк Кыргыз Республикасынын корпоративдик эмитенттери үчүн эл аралык капитал рынокторунда из салууга жетишти жана Кыргызстандын экономикасына узак мөөнөттүү каржылоону ырааттуу тартууга шарттарды түзүү менен, өлкөбүздүн капитал рыногун өнүктүрүү иштерин алдына ат салдырбай аткаруу ниетинде».
Белгилей кетүүчү жагдай, тартылган каражаттар экономиканын негизги тармактарын кредиттөөнү кеңейтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга, туруктуу өнүгүү жана ESG жаатындагы демилгелерди колдоого, ошондой эле «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоого багытталат.
КРУБ лиц. №033