Садыр Жапаров үй-бүлөлүк башкарууга жол бербестигин билдирди
Президент Садыр Жапаров Кактус медиага маек берип жатып туугандары жана балдары мамлекеттик иштерге аралашпай тургандыгын белгилеп, кызматка келер алдында алар менен келишим болгонун билдирди.
Эскерте кетсек, жакында криптомиллиардер Жастин Сан Кыргызстанга келип, "Ала-Арча" паркына барган. Өлкө башчысы ошол күнү уулу Нурдөөлөттүн да иш-чарада чогуу жүргөн себебин түшүндүрдү.
"Мамлекеттик кызматта жүрүп, кээде балдарыма жетиштүү көңүл бура албай калдымбы деп ойлоп калам. Айрыкча кичүү уулум менен сейрек убакыт өткөрдүм. Ошондуктан кээде Нурдөөлөт мени коштоп жүрөт. Ал англис тилин жакшы билгендиктен, котормочу катары да иштейт. Бирок ал мамлекеттик иштерге аралашпайт жана мамлекеттик мекемелер менен бизнес жүргүзбөйт.
Мен бир туугандарымды да мамлекеттик кызматтарга же мекемелерге жолотпойм. Муну көзөмөлдөй турган мүмкүнчүлүгүм жана таасирим жетиштүү. Алардын эч кимиси мамлекеттик структураларды жеке кызыкчылык үчүн колдонбойт. Алар пайда алып келиши мүмкүн, бирок зыян келтиришпейт. Алар жеке бизнес менен алектенишет",- деп белгиледи президент.
Президент мурдагыдай мамлекеттик ресурстарды мыйзамсыз бөлүштүрүү кайталанбай тургандыгын айтты.