Бүгүн, 27-апрелде саат 11:36да өлкөнүн түштүгүндө жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунда жайгашып, күчү болжол менен 3 баллды түзгөн.
Ал Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 125 чакырым аралыкта орун алган.
Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.