Бишкекте унаа башкарып бара жаткан маалда ичимдик ичкен айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айдоочу "Коопсуз шаар" системинин жардамы менен аныкталып, өздүгү такталган. Видеобайкоодон спирт ичимдигин унаа башкарып бара жаткан учурда колдонгонун көрүүгө болот.
Натыйжада унаасы айып короого токтотулуп, тиешелүү протокол түзүлгөн.