Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровдун Орусияга болгон сапары санкцияларга байланыштуубу? Жооп

Бүгүн, 27-апрелде өлкө башчысы Садыр Жапаров Кактус медиага маек берип, жакында Орусияга болгон жумушчу сапары тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Президенттин айтымында, сапар айтылып жаткандай санкциялар же башка тышкы себептер менен эмес, өзүнүн демилгеси менен уюштурулган.

"Эч ким суверендүү мамлекеттин президентин чакыра албайт. Тескерисинче, Москвага баруу демилгесин мен өзүм көтөргөм. Астанадагы экологиялык саммитке катышкандан кийин мен мүмкүнчүлүктү пайдаланып, бир эле учурда бир нече маселени чечүү үчүн жолугушуу өткөрүүнү чечтим. Орусиянын башчысы Владимир Путин бул демилгени дароо колдоду. Сапардын биринчи күнүндө биз эки сааттан ашык убакыт бою кыргыз-орус мамилелеринин кеңири чөйрөсүн талкууладык. Айрым маселелер боюнча профилдик министрлердин катышуусунда кошумча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынды. Анан алар шашылыш түрдө чакыртылып, кийинки күнү кеңейтилген форматта жолугушуу өттү. Бардык негизги маселелер жөнгө салынды",- деп билдирди Жапаров.

Мамлекет башчысы Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, акыркы беш жыл ичинде ал кыргыз-орус кызматташтыгына туруктуу колдоо көрсөтүп келгенин, ошондой эле Орусия менен болгон мамиле стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде бекемделип келе жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан