Бүгүн, 27-апрелде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Анда учурдагы кырдаал, тобокелдиктер жана иштеп жаткан чектөөлөрдүн мүмкүн болуучу кесепеттери талкууланып, аларды этабы менен алып салуу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Айрыкча Кыргызстандын санкциялык маселелер боюнча батыштык өнөктөштөр менен тынымсыз диалогуна өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында мамлекеттик органдарга терс кесепеттерди азайтууга жана кыргыз компанияларын батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелеринен чыгаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.