Биз социалдык тармакта

Көчмөндөр оюндарына чейин Кырчын жайлоосуна барчу жол асфальтталат

Кырчын жайлоосуна баруучу унаа жолдун 35 чакырымы асфальтталат. Учурда жолдун курулуш ишинин дээрлик жарымы бүттү.
Транспорт министрлиги билдиргендей, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин жол толук бүткөрүлөт. Унаа жолдун жээгине 500 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай жана ажатканалар курулат. Ошондой эле суу чыгарылып, жол жээгине бак-дарактар тигилет.
"Туристтик зонага алып баруучу негизги жол – Семёнов – Ак-Суу трассасынын 21 чакырымы толук оңдоодон өтөт. Григорьев – Көл-Кашка-Суу багытында 14 чакырым жол салынып, эки капчыгайды бириктирет. Аталган долбоор президенттин туристтик аймактарга баруучу жолдорду куруу боюнча тапшырмасынын негизинде ишке ашууда",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан