Оштун Өзгөн районунда 1,94 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгонун белгиледи. Тагыраагы, Өзгөн районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан кызыкдар жарандарга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген.
УКМК учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.