Биз социалдык тармакта

Агартуу министри: "Калк жакшы нерсеге ишенбей калган мезгилде жашап жатабыз"

"Калк жакшы нерсеге ишенбей калган мезгилде жашап жатабыз". Мындай пикирди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" курган маегинде айтты.

Анын айтымында, мугалимдердин айлык акысы көтөрүлүп жатканына мугалимдер өздөрү ишенишкен эмес.

"Бул сынчыл ой жүгүртүүнүн жоктугу. Объективдүү маалымат менен фейк маалыматты талдоонун жоктугу десек да болот. Былтыр эле маяна жогорулары айтыла баштаганда, "кайдагы жомок?" деген мугалимдер болгон. Доордун ушундай бир балалык оорусу болот экен. Эми ишенсеңер болот, 50 пайызга чейин эмес, 100 пайызга жогорулады",- деди министр.

Агартуу министри: "Калк ушундай жакшы нерсеге ишенбей калган мезгилде жашап жатабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан