Бүгүн Ош шаарында Чернобыль апаатынын кесепетинен каза болгон мекендештерди эскерүү иш-чарасы өттү. Анын алкагында эстеликтерге гүл чамбарлар коюлуп, курман болгондордун жаркын элесине таазим этилди.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, митинг-реквиемге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, ошондой эле Чернобыль окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.
Жыйында катышуучулар кырсыктын кесепеттерин жоюуда жан аябастык көрсөткөн жарандардын эрдигин эскерип, алардын элесин урматтоо ар бир адамдын ыйык милдети экенин белгилешти.
Маалымат үчүн: 1986-жылы 26-апрель күнү Украинанын аймагында жайгашкан Чернобыль атомдук электр станциясында ири техногендик кырсык болгон. Бул апааттын кесепеттери дүйнө жүзүнө таасирин тийгизген. Быйыл кырсыкка 40 жыл толду.