28-29-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Кыргызгидромет кызматынын 27-апрелдеги билдирүүсүнө ылайык, бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.