Тармактык комитет 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча Министрлер кабинетинин ишинин жыйынтыктары тууралуу маалымат укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматты энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков берип, аткарылып жаткан иштер жана учурдагы көрсөткүчтөр тууралуу баяндады. Анын айтымында, 2025-жылы өлкөдө электр энергиясын ички керектөө 19 311,8 миллион кВт/саатты түзгөн.
Ошондой эле Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык режими өзгөчө көзөмөлдө болуп, керектүү көлөмдөгү сууну камсыздоо маселеси каралган.
Талкуу учурунда депутаттар энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу жана ресурстарды натыйжалуу башкаруу маселелерин көтөрүштү. Мындан тышкары, калктуу конуштарды газдаштыруу, коммерциялык жоготууларды кыскартуу жана электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын киргизүү зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында Министрлер кабинетине бир катар сунуштар берилди. Алардын катарында Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин сактоо, электр тармактары үчүн лимиттерди көзөмөлдөө, көмүрдү туруктуу жеткирүү жана анын баасын жөнгө салуу, ошондой эле жылуулук берүү объектилерин өз убагында даярдоо маселелери бар.