Бүгүн, 27-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык бокс турнири башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия жана Беларусь өлкөлөрүнөн спортчулар катышууда.
Балбандар түрдүү салмак чендерде күч сынашууда.
Турнир 2-майга чейин уланат.