Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү жана инфраструктураны жакшыртуу иштери уланууда. Бул алкактын негизинде Ю.Төлөнов көчөсүндөгү эски көпүрө кайрадан курулууда.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда көпүрөгө темир-бетон балкалары орнотулуп, курулуш иштерине атайын техникалар тартылган. Бардык жумуштар адистердин көзөмөлүндө ыкчам жана сапаттуу жүргүзүлүүдө.
Жаңы көпүрөнүн узундугу 18 метрди, туурасы 22 метрди түзөт. Бул аймактагы транспорттук агымды жакшыртып, коопсуздукту жогорулатууга өбөлгө болот.
Белгилей кетсек, быйыл аталган көчө толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, төрт тилкелүү заманбап жолго айланат. Ошондой эле аймактагы башка көпүрөлөр да кеңейтилүүдө.