Биз социалдык тармакта

Депутат Бурул Аманова Улуу Британиянын элчиси менен жолугушту

Депутат Бурул Аманова Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын учурдагы багыттары талкууланып, өзгөчө парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелерине көңүл бурулду.

Бурул Аманова акыркы жылдары Кыргызстан менен Улуу Британия ортосундагы мамилелер расмий деңгээлде гана эмес, эмгек миграциясы жаатында да активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Николас Боулер Улуу Британияда эмгектенип жаткан кыргызстандыктар өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошуп жатканын айтып өттү.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара расмий сапарларды илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан