Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн 27-апрелде Монако Княздыгынын тышкы иштер жана кызматташтык министри Изабель Берро-Амадеи менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-монаколук мамилелердин учурдагы абалын жана эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтардагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Министрлер эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого даяр экенин дагы бир жолу ырасташты.