Биз социалдык тармакта

Мухаммедали Ырысдөлөтөв Берлиндеги Европа кубогунда коло медаль утту

Кыргызстандык дзюдочу Мухаммедали Ырысдөлөтөв 25-26-апрель күндөрү Германиянын Берлин шаарында өткөн ачык Европа кубогунда коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 2009-жылы төрөлгөн кадеттер арасында өтүп, 90 килограммга чейинки салмак ченинде 34 спортчу күч сынашты.

Ырысдөлөтөв турнирди 1/16 финалдан баштап, Нидерланд жана Чехия өкүлдөрүн ишенимдүү жеңди.

Чейрек финалда латвиялык спортчудан жеңилүү ызасын тартты.

Ал эми утулгандан кийинки таймаштарда Бельгия, Азербайжан жана Өзбекстандан келген атаандаштарын жеңип, жыйынтыгында коло медалга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан