Биз социалдык тармакта

Бишкекте фонтандар 29-апрелде ишке кирет

29-апрель күнү Бишкек шаарынын күнүндө борбор калаадагы фонтандар расмий түрдө иштей баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда "Тазалык" муниципалдык ишканасы фонтан комплекстерин ишке киргизүүгө активдүү даярдык көрүүдө. Анын алкагында техникалык жабдуулар текшерилип, фонтан табактары тазаланып, системалар суу менен толтурулууда.

Шаар тургундары жана коноктору төмөнкү жайлардагы фонтандарга кайрадан суктана алышат:

— "Ала-Тоо" аянты
— Бишкек шаарынын мэриясы алдындагы фонтан
— Жогорку Кеңеш имаратынын алдындагы фонтан
— Ататүрк паркы
— “Революция күрөшчүлөрүнүн” фонтаны
— Токтогул көчөсүндөгү фонтан

Муниципалдык ишкана шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана жашоочулар менен коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан