Биз социалдык тармакта

Кыргыз балбандарынын ийгилиги: Депутат чемпиондор менен жолукту

Депутат Медина Кайрылбекова Бишкек шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага спортчулар менен катар машыктыруучулар да катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү Жогорку Кеңеш атынан сөз сүйлөп, бул биринчиликтин өлкө үчүн маанисин белгиледи. Анын айтымында, кыргыз балбандары жогорку деңгээлдеги даярдыкты, күчтүү духту жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүп, Кыргызстандын намысын өз жеринде татыктуу коргошту.

Сиздер жогорку жыйынтыктарга жетишип гана тим болбостон, өлкөбүздүн намысын даңазалап, анын эл аралык аброюн дагы бекемдедиңиздер”, - деди ал.

Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпысынан 12 медаль (5 алтын, 1 күмүш жана 6 коло) жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан