Депутат Эльвира Сурабалдиева ЮНФПАнын Кыргыз Республикасындагы башчысы Бакытбек Кайназаров менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар социалдык саясат, саламаттык сактоо жана демографиялык өнүгүү тармактарындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Сурабалдиева парламент ЮНФПАнын социалдык программаларды ишке ашыруудагы ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын белгиледи. Ал өзгөчө “Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүү чынжырын чыңдоо” долбооруна токтолуп, анын алкагында дары-дармектерди өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин жеткирүү системасын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.
Мындан тышкары энелердин өлүмүн азайтуу, медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде Бакытбек Кайназаров ЮНФПА саламаттык сактоо системасын реформалоо, санариптик чечимдерди өнүктүрүү, гендердик теңчиликти илгерилетүү жана демографиялык саясатты колдоо багытында кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.
Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга багытталган өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого макулдашты.