Бишкекте аркан тартыш боюнча өлкөнүн чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, мелдеште жалпы 16 команда ат салышып, спортчулар Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан катышкан.
Эркектер арасында:
1-орун - ИИМдин курама командасы.
2-орун - "Ынтымак" командасы (Бишкек шаары).
3-орун - Нарын шаарынын командасы.
Кыз-келиндер арасында:
1-орун - "Айкөл" командасы (Жалал-Абад облусу).
2-орун - ИИМдин "Спецназ" командасы (Бишкек шаары).
3-орун - "Алмаз" командасы (Чүй облусу).