Биз социалдык тармакта

Белгилүү актёр Эмил Эсеналиев 37 жашка толду 

Бүгүн, 28-апрель - белгилүү актёр Эмил Эсеналиевдин туулган күнү. Ал бул жылы 37 жашка толду. Актёр мырза өздүк майрамына карата социалдык тармактагы баракчасына пост жүктөп, жакындарына ыраазычылык билдирип өткөн.

"Дагы бир жыл. Ар бириңиздерге рахмат",- деп жазган ал.

Эмил Эсеналиев Нарын районундагы Он-Арча айылында 1989-жылы 28-апрелде туулган. Анын балалык, окуучулук күндөрү Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда өткөн. Ал жакта жашап жүргөндө достору менен "Тамашоу" долбооруна катышуу максатында "Ак-Өргө сity" командасын түзүшкөн. Ал команда 2008-жылы 1-ноябрда "Тамашоунун" алгачкы оюнуна катышып, күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, бир нече жолу байгелүү орундарды камсыздашкан.

Андан кийин Эмил Эсеналиев ар кандай вайндарды тартып, актёрлук менен да алектенген. Ал алгач "До+Фа", "До+Фа-2", "Пентхаус", "Мачо", "Сюрприз", "Көк бөрү" тасмаларында роль жараткан. Андан кийин "Супер кудалар", "Шерине" дагы башка кинолордо башкы каармандардын ролдоруна тартылган.

Актёр мырза режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” тасмасына тартылып, андагы аткарган ролу менен талантынын башка кырын көрсөтө алды. Аталган тасма Казакстанда, Өзбекстанда, Орусияда, Түркияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлдү. Ошондой эле бул жылы аталган тасманын экинчи бөлүгү да тартылды.

Ал эми бул жылы Руслан Акундун "Нелегал. Мексика аркылуу" тасмасы жарык көрүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толо алды. Аталган тасмада Эмил Эсеналиев башкы каармандын ролун жараткан. Актёр учурда Egemen Club күлкү долбоорунун алып баруучусу.

Эмил Эсеналиев 2015-жылы декабрь айында актёр Марат Козукеевдин кызы Айгерим Козукеевага баш кошкон. Учурда түгөйлөр бир кыз, эки уулду өстүрүп келишет.

Эмил Эсеналиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан