Курман айт майрамы бул жылы 26 же 27-майга туш келиши мүмкүн.
Муфтияттан майрамдын так датасы салттуу түрдө ай календарына ылайык аныктала турганын жана жакын арада так датасы тууралуу маалымат берилерин билдирди.
Белгилей кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр бул күн 6-июнга туш келген. Аталган майрамда айт намазы окулуп, курмандыкка мал союлуп, муктаждарга жардам берилет.