Ошто мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, ал чек арадан чет элдиктерди жашыруун алып кирип, өлкө аймагында иштетип жүргөн. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран сот тарабынан камакка алынды.
Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери уланууда.