25-апрелде Чолпон-Ата шаарында алгачкы жолу Кыргызстандын ат үстүндөгү чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу 28-апрелде Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул мелдешке өлкөнүн алдыңкы спортчулары, спорттук, туристтик клубдардын өкүлдөрү, альпинисттер катышты. Мелдештердин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр байгелүү орундарга ээ болушту:
Эркектер арасында:
1-орун: Олег Брюховецкий ;
2-орун: Бремер Жамал;
3-орун: Сардорбек Абдувалиев .
Кыз-келиндер арасында:
1-орун: Ульяна Брюховецкая ;
2-орун: Анастасия Фролова, Александра Краснослободцева ;
3-орун: Алтынай Касымалиева.