Биз социалдык тармакта

Алимент төлөөдөн качып жүргөн 1205 жаранга издөө жарыяланды  

Өлкөдө алимент төлөөдөн качып жүргөн 1205 жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы алимент өндүрүү маселелери боюнча юридикалык жардам алуу үчүн 823 адам кайрылган, алардын ичинен 49у эркек, 774ү аялдар болгон.
Сот аткаруучулар кызматынын статистикасы боюнча, 2024-жылы 36 миң 613 адамга алимент төлөө чечими чыгып, алардын 4 миң 152си гана алимент төлөгөн. Ал эми өткөн жылы баласына акча бөлдүрүү боюнча иштердин саны 60 миң 720га жеткен.
"Адвокаттардын айтымында, алимент төлөөдөн качандар өзүн жумушсуз кылып көрсөтүп, кирешесин жашыруу менен мүлкүн жакындарына каттатышат. Мындан тышкары, алардын көпчүлүгү чет өлкөгө чыгып кеткендиктен, акча өндүрүүдө кыйынчылык жаралат",- деп билдирди Акыйкатчы институту.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан