Биз социалдык тармакта

Ислам принциптери боюнча каржылоого байланышкан мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинде ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине байланыштуу ченемдерди оптималдаштырууну көздөйт. Демилгечилер - бир катар депутаттар.

Мындан тышкары, жыйында "Баа түзүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова билдиргендей, мыйзам долбоору экономикалык жактан негизделген бааларды камсыз кылууга, калктын кызыкчылыгын коргоого жана ишкерлер менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Талкуу маалында депутаттар бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти. Улан Примов социалдык мааниге ээ товарлардын бааларын жөнгө салуу зарылдыгын белгилесе, Дастан Бекешев парламенттик көзөмөлдүн маанисине токтолду. Ал эми Уланбек Жаанбаев медициналык жана билим берүү кызматтарындагы бааларды жөнгө салуу маселесин көтөрүп, парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү чечими кабыл алынып, маселе күн тартибинен убактылуу алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан