Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн, 28-апрелде саат 11:43тө Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу Такталык кырка тоосунда жайгашып, күчү 3,5 баллды түзгөн. Тактап айтканда:

  • Көк-Бел айылынан түштүк-чыгышка карай 8 чакырым;
  • Кетмен-Төбө айылынан түштүк-батышка карай 12 чакырым;
  • Токтогул районунун борборунан түштүк-чыгышка карай 25 чакырым;
  • Манас шаарынан түндүк тарапка 80 чакырым аралыкта болгон.

Жер титирөөнүн күчү калктуу конуштарда: Көк-Бел айылында 3 балл, Кетмен-Төбө айылында 2,5 балл болуп сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан