Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багыттары боюнча билеттердин баасы 1-майдан тарта 6 миң сомдон ашпайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелдеги Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев билдирди.
Анын айтымында караганда, учурда билеттердин баасы жөнгө салынып, тиешелүү чаралар көрүлгөн.
"Бишкек-Ош багыты боюнча билеттердин баасы 10 миң сомго чыгып жатканы айтылган. Биз мониторинг жүргүздүк, 10 миң сомго билет жок экен, бирок айрым компанияларда 8 миң 200 сом болгон. Учурда алардын баарын жөнгө салдык. Май айынан тарта Бишкек-Ош багыты боюнча билеттердин баасы 6 миң сомдон ашпайт", - деди Айбек Мамыралиев.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Уланбек Жаанбаев Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багыттары боюнча учак билеттеринин баасы кымбат болуп жатканын айткан.