Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Того кызматташууну кеңейтет

Бүгүн, 28-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте Тогонун тышкы иштер министри Роберт Дюссе менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Того тараптан расмий сапарга даярдык көрүү максатында келген. Ал сапар Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргызстанга боло турган сапары менен байланыштуу.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулап, акыркы жылдары байланыштар жанданып жатканын белгилешти. Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну күчөтүү маселеси каралды.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Того мындан ары кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экени белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан