Лейлек районунун Кулунду айылдык округу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 миллион сомдон ашык акчага жол техникасын сатып алды

Лейлек районунун Кулунду айылдык округу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 миллион сомдон ашык акчага жол техникасын сатып алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл округу 2012-жылдын бюджетине түшкөн кирешелердин эсебинен 7 миллион 144 миң сомго 5 даана жол техникасын сатып алды. Эки жүк ташуучу унаа 1 миллион 880 миң сомдон, бир даана жүктөгүч (катопилер) "21933"  1 миллион 410 миң сомго, экскаватор "12180" 1 миллион 222 миң сомго жана дагы бир даана жүк ташуучу унаа 752 миң сомго сатылып алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан