Социалдык коргоо тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган министрликке караштуу мекемелердин, анын ичинде реабилитациялык борборлордун, социалдык стационардык мекемелердин жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин камтыйт.
Жалпысынан 3400дөн ашуун кызматкердин айлыгы көтөрүлдү. Ошондой эле кызматкерлерге категориясына жараша 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин кошумча “президенттик компенсациялык төлөм” киргизилди.
Министрлик бул чара социалдык кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталганын белгиледи.