Бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан “Бүткүл Азия боюнча - Батыштан Чыгышка (1906–1908-жж.)” аттуу Карл Густав Маннергеймдин фотосүрөттөрүнүн көргөзмөсү расмий ачылды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, көргөзмөнүн негизги максаты - тарыхый мурастарды жайылтуу, эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү жана Маннергеймдин Борбордук Азияга жасаган сапары аркылуу аймактын тарыхы менен маданиятын кеңири коомчулукка таанытуу.
Мындай иш-чаралар шаар тургундарына жана конокторуна тарых менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, Ош шаарынын маданий жашоосун байытууга багытталган.