Президент Садыр Жапаров жана Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе бүгүн, 28-апрелде Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программага катышышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында того делегациясына кыргыз элинин бай материалдык жана руханий мурасын чагылдырган “Кыргыз айылы” көргөзмө комплекси көрсөтүлдү.
Көргөзмөдө кол өнөрчүлүк жана зергерчилик буюмдар, салттуу музыкалык аспаптар, согуштук жана аңчылык куралдардын үлгүлөрү, ошондой эле көчмөн турмушка тиешелүү буюмдар коюлган.
Ошондой эле коноктордун көңүлүн аң улоочу иттердин кыргыздарга таандык тайган тукуму, алгыр бүркүттөр жана салттуу кийиз килем-шырдактар бурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров Фор Эссозимна Гнассингбеге кыргыз улуттук музыкалык аспабы - комузду белекке берип, аны улуттук суусундуктар менен сыйлады.
Белгилей кетсек, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.