Курулуш министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан борбордук аллеянын жүрүшү менен таанышты.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңы эс алуу жайы шаарды көрктөндүрүүгө жана тургундар үчүн заманбап, ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган. Долбоорго ылайык, аллеяда эс алуу зоналары, соода түйүндөрү, гүл галереялары, жөө жүрүүчү жолдор, отургучтар жана эне-бала үчүн атайын бөлмөлөр каралган. Ошондой эле аймакты жарыктандыруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери комплекстүү жүргүзүлөт.
Курулуш иштери графикке ылайык уланууда. Объект ишке берилгенден кийин шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу борбору пайда болот.