Биз социалдык тармакта

Мурдагы бир катар жогорку кызмат адамдары ИИМде суракка чакырылганы айтылды

Мурдагы депутат Курманкул Зулушев, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында суракка алынганы тууралуу маалыматтар пайда болду.

Бул тууралуу бир нече күч органдарындагы булактар Kaktus.media редакциясына билдиришкен.

Маалыматка ылайык, сурак бир нече саатка созулуп, андан кийин үчөө тең Ички иштер министрлигинин имаратынан чыгып кетишкен.

Расмий органдар бул тергөө аракеттеринин себебин ачыктаган жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, сурак “75 адамдын каты” деп аталган ишке байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылууда.

Кошумча маалыматтар азырынча тактала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан