Ош шаары жана Ош облусу аймагында жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты. Катышуучулар жол кырсыктарынын негизги себептери катары ылдамдыкты ашыруу, жол эрежелерин бузуу жана айдоочулардын тартип сактабагандыгын белгилешти.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан алдын алуу иштерин күчөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңейтүү жана мектептерде жол коопсуздугу боюнча сабактарды активдештирүү тапшырылды.
Ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунуштар айтылып, кырсыктарды азайтуу чаралары талкууланды.