Бишкек шаарында 30-апрель күнү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү саат 09:00дөн 24:00гө чейин токтотулат. Өчүрүү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге таасир этет.
Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт: Шабдан баатыр проспектиси – Хивинская көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн Ч. Валиханов көчөсүнө чейин) жана Достоевский көчөсү.
Сууну убактылуу токтотууга “Тепличный” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери себеп болгону айтылды.
Ишкана тургундардан алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.