"Белес.kg" ишканасынын негиздөөчүсү Мирбек Аскалиев кайрадан президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, буга чейин президенттик администрациянын маалымат бөлүмүнүн аталган ишкана тууралуу берген түшүндүрмөлөрүнө жооп берди.
Эскерте кетсек, президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков бир күн мурун аталган ишкана чыгарган автобустар эмне үчүн алынбай жатканы боюнча маалымат тараткан. Анда ал президент ишканага барганда бир гана үлгү автобус болгонун, керектүү сертификаттардын жоктугун, Кытайдан алынган автобустарга салыштырмалуу 1,5 эсе кымбат экенин жана дизель менен жүрөрүн айткан.
Мирбек Аскалиев бул айтылган маалыматтар төрт жыл мурунку абалга тиешелүү экенин белгилеп, учурда Беларустан керектүү сертификаттар алынганын билдирди. Ошондой эле ал ишкана чыгарган автобустар Кытайдан алынгандарга караганда арзаныраак болорун кошумчалады.
"Азыр деле биздин цех жакшы эмес. Дүйнө жүзүндөгү чоң автобус чыгарып жүргөн заводдорго салыштырмалуу маалымат кызматы (ред.: президенттин) айткандай эле "ангар". Бирок баары ушундай кичинекей нерседен башталат. Буюртма алсак анан инвесторлор да, акча да болот. Анан ишкананы өнүктүрөбүз да.
Урматтуу президент! Биз сертификаттын баарын алып, Кыргызстанды дүйнөлүк реестерге киргизген ишканабыз. Сертификаты жок, 1,5 эсе кымбат деген маалымат төрт жыл өтсө да чыгып жатат. Кытайдыкынан да арзан кылып жасап берүүгө даярбыз. Болгону биз тарапка колдоо болуп, мүмкүнчүлүк берсеңиз. Онбу же жүзбү, айтор, автобуска буюртма түшүп, старт алсак, ишкананы чоңойтобуз. Эгер мэрия буюртма берип, автобустар жакпай калса, кайра акчасын кайтарып берүүгө да даярбыз",- деди Аскалиев.
Ишкананын жетекчиси социалдык тармактардын колдонуучуларын мекеме тууралуу терс пикир жазуудан карманууга чакырды.