Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Ынтымак Ордого келди.
Бийик даражалуу конокту президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Ынтымак ордонун флагштокторуна Кыргызстандын жана Тогонун мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.
Лидерлер бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү.
Андан соң Садыр Жапаров менен Фор Эссозимна Гнассингбе өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты. Ардак кароо өкүлдөрү аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.
Бийлик өкүлдөрү саламдашкан соң бирге сүрөткө түшүп, сүйлөшүү үчүн жыйындар залына кирип кетишти.
Сапардын жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү каралган. Ошондой эле инвестиция, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү жана башка багыттардагы бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул сапар Кыргыз Республикасынын Африка континентинин өлкөлөрү менен кызматташтыгынын тарыхында эң жогорку деңгээлдеги биринчи сапар болот.