Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 29-апрелден 5-майга чейин күн сайын жабылат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган жол көрсөтүлгөн күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жабык болот. Бул учурда 54-чакырымда жайгашкан жөө өтмөктү демонтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Министрлик унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштуруларын билдирди.