Бүгүн, 29-апрелде Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбе “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Гнассингбе министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду.