Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тогонун кызматташтыгы тууралуу айтты

Кыргызстан менен Того мамлекетинин ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2015-жылы түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров Ынтымак Ордодо Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбе менен жолукканда билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, Гнассингбенин Кыргызстанга сапары Африка континентинен расмий сапар менен келген эң алгачкы өлкө лидери.

"Бул, албетте, эки өлкө үчүн маанилүү тарыхый окуя. Андыктан чакыруумду кабыл алганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Маалым болгондой, Кыргызстан менен Тогонун ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2015-жылы түзүлгөн. Андан бери бизде активдүү байланыштар болгон эмес. Кыргызда "Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз" деген бабаларыбыздын накыл сөзү бар. Биз эки элдин ынтымагын бекемдөөгө чечкиндүү кадамдарды таштоого даярбыз. Ушуга карата азыркы сапарыңыз саясий диалогду өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө туруктуу негиз түзөт деп ишенем. Африканын тарыхында Тогонун маанилүү ордун белгилей кетсек, Того 1960-жылы "Африка жылы" деп аталган мезгилде 17 африкалык өлкө менен бирге эгемендүүлүккө жеткен",- деди президент.

Белгилей кетсек, 28-апрелде өлкөгө Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе расмий жумуш сапары менен келген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан