
Ош облусунун Араван районунда картошка бышып, сатууга чыгарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда дыйкандар түшүмүн дүң баада сатып жатышат. Аталган аймакта бул жылы 1665 гектар жерге картошка эгилген.
"Картошка негизинен бул өрөөндө 20-майга жакын бышат. Бирок быйыл күндүн ысыгына байланыштуу эрте бышты. Дыйкандар түшүмүн жергиликтүү базарда жана Бишкек шаарында сатышат",- деп билдирди министрлик.