Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Тогонун ортосунда бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

Бүгүн, 29-апрелде Ынтымак Ордодо президент Садыр Жапаров менен Того мамлекетинин министрлер кеңешинин төрагасы Фор Гнассингбенин жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Документтердин тизмеси:

  • Министрлер кабинети менен Того Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, расмий жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу;
  • Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
  • Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
  • Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Того Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Того Республикасынын Айыл чарба, балык уулоо, мал чарба жана азык-түлүк коопсуздугу министрлигинин ортосундагы айыл чарба жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Саламаттык сактоо министрлиги менен Того Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Соода-өнөр жай палатасы менен Того Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан