Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Электр тармактары" ишканасынын жетекчиси кызматкерлери менен кармалды

"Бишкек электр тармактары" ишканасында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейинки аралыкта аталган ишкананын директору, башкы эсепчиси жана анын орун басары алдын ала сүйлөшүп алып, ишкананын акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кылмыштуу схеманы уюштурушкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 1969-жылы туулган А.М., 1972-жылы туулган Ч.И. жана 1980-жылы туулган Д.Ш. аттуу жарандар кармалышты.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан