Бүгүн, 29-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева коомдо көп аялдуулук маселеси көтөрүлүп жатканын, мамлекет буга көзөмөлдү күчөтүшү керектигин айтты.
Буга чейин Бишкекте көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен чыгаруу боюнча кол топтоо кампаниясы жүрүп, борбор калаа милициясы акцияга катышкан жарандарга, анын ичинде Өзүбек ажы Чотоновго түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.