
Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарында куткаруучулар көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 5-кабаттын балконуна түшүп кеткен 11 жашар баланы куткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 5-кабаттагы батирде эч ким жашабагандыктан, бала бөлмө ичинен бекилип калган. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, баланы балкондон алып чыгышты.
Куткарылган бала ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди. Учурда абалы жакшы.
Министрлик ата-энелерди этият болууга жана балдарды кароосуз калтырбоого чакырды.